ЧЫНЫГЫ  ТАЙГАН
КЫЗЫЛ     КОЗ

Бул макаламды жаууга тайган ышкыбозу Руслан Айталиевдин келип калышы тyрткy  болду. Ал мага бир барак  текстти кoрсoтyп, ушуну орусчага Коротуп берсениз деп суранды. Текстти орусам, эски текст экен. Ч.Валихановдун кыргыздар жoнyндo жазгандарыбы беп да ойлодум. Бирок,ал Белек Солтоноевдин  китебинен yзyндy экен. Тексттин мазмуну тайган тууралуу экенине карабастан, андан кыргыздардын oткoн тарыхынан кабар берип тургансыды.      Кыргыздар тайган тууралуу минтип айтчу экен: «Ит кырааны тайгандыр

Таптап салгандыр,тамактанып тойгондур. Табам десен, тайган тап, жакшы таптап, жакшы бак. Табын билсен тайгандын, табылганы таалай-бак» ж.б.
Бул илгерки макалылакаптардан кoрyнyп тургандай, мурда кыргыздардын Жашоо-турмушунда тайгандын орду чон болуптур. Ушул текстте «Кыргыз кyлyкат , бyркyт, шумкарды кандай кoрсo, тайганды да ошондой ардактайт» деп жазылыптыр. Кoрсo, бир жакшы тайган бир айылды жoн эле бакчу экен. 1840-50-жылдарда бугу кыргызынан Балбай Эшкожо уулу деген мерген
«Ак таман» аттуу тайган менен бир жылда жyздoп бугу, марал, аркар-кулжа,эчки, теке алчу экен. Ал эми тайгандын эрдиги тууралуу да бул чакан текстте кызыктуу баяндалыптыр. Алардын бир экooнo да кыскача токтоло кетейин.

    Кайсы бир мезгилде Ат-Башы, Нарын тарапта бир мергенчи тайганын алып, ан уулап чыкканда, бир аюу капилеттен качырып чыгыптыр. Шашкан Мергенчи атууга yлгyрбoй калат, аюу кол саларда тайганы келип аюну бурдап кетет.  Ангыча мерген мылтыгына ок коюп, атып жибергенде аюу Чалкасынан кетиптир. Ошентип, бул тайган ээсин oлyмдoн  сактап калган экен. 1770-80-жылдарда солто уруусунан, Жамансарт Кошой уулу «Какбаш» Аттуу тайганы менен 300 чамалуу чooгo кезигип, 91 ин атып oлтyрyп, 90 чooнy тайган oлтyргoн  сон, калгандары качып жоголуптур. Мунун баары чындык окуялар. Себеби, Б.Солтоноевдин тарыхый китебинде окуялардын
Датасы, катыштан адамдардын аттары да так кoрсoтyлгoн. Мен Руслан
Айталиевден ушул тексттин  эмнеси кызыктырарын издеп жyргoндyгyн айтты.

   Ал азыр Кыргызстандагы мергенчилик  союзунун мyчoсy, тайган секциясынын жетекчиси. oзy Аламyдyн районунун Байтик айылынын тургуну.
Бала чагыбызда – дейт ал, биздин ата-бабабыз, тайгандарын ээрчитип алып, Суусамырга, жайлоого Ала-Арчанын ичи менен мал айдашчy. Ошондогу алардын  тайгандарынын издеп жyрoм. Бирок кыргыздардын айгандарынын кандай сапаттарга ээ болгондугун, сyрyштyрyп издеп жyрoм. Тайгандар жoнyндo oнy-тyсy, сыпаты кандай болгондугун маалыматтарды тарыхый китептерден да караштырып жyрyп, акыры Б.Солтоноевдин китебинен тай-ган жoнyндoгy ушул текстти таптым, - дейт Р.Айталиев. Бул текстте кыраакы
болор  тайгандын сыны мындайча  жазылган: 1. Кабагы тик болот; 2.Тумшугу  ичке, узун болот; 3.Кoзy кып кызыл; 4.Сырты октой тyз; 5. Мойну жумуру; 6. Оозу oтo чон; 7. Бели кыска;.8.Эки жамбаштын кошкону эни тoрт эли, жаки андан да кен; 9. Толорсугу тик; 10. Беш манжа,таманы кууш, кичине;  11. Туз куйругунун тyбy жоон болот. Ушул сыпаттоолордун ичинен тайгандын кoзyнyн кыпкызыл болушу oтo кызыктуу маалымат экен. Азыр кызыл кoздyy тайгандардын бар же жок экени белгисиз. Бир гана жолу Руслан Айталиев кызыл кoздyy тайганды жолуктурганын айтты. Аны да кокусунан жоготуп алган. Ошондуктан, ал селекциялык иштерди да жyргyзyп, кыргыздын нагыз тайганын алып чыгууга аракет жасаган. Бирок натыйжа болгон эмес.

       Тарыхый маалыматтар боюнча таза тайган кызыл кoз болот экен. Албетте, азыркы учурда мурунку учурдагыдай элет жеринде атайылап тайгандарды топ тобу менен ээрчитип, ууга чыккандар сейректеп кеткен чыгар.
Ошондой болсо да тайган менен коен, тyлкy тиштетип, эчки тостурган
анчылар  жок эмес. Эгерде, кимдир бирooдo кызыл кoз тайгандар болсо, Аламyдyн районундагы Байтик айылынын тургуну Руслан Айталиевге же тoмoндoгyдoй байланыш телефондоруна (24-77-91, 21-61-30) кайрылып койсонуздар. Себеби, кызыл кoздyy тайгандар кыргыздарга гана таандык, кыргыз тоолорун гана байырлаган анчылык ити экен. Эгерде элибизге  таандык кызыл кoз тайгандарды кoбoйтyп алсак, жергебиздеги жаныбарлар
дyйнoсyндoгy улуттук белгини бекемдеп алат белек деген эле yмyт.

        Абдимухтар АБИЛОВ
      «Кыргыз Туусу» 25-28-октябрь 2002-жыл

Айталиев Руслан Душенович по специальности ученый-зоотехник, заводчик-селекционер, более 10 лет занимается практической работой по возрождению тайгана.
Hosted by uCoz